Жанар Акаев: «Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт»

«Депутат Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Ал бул жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды». Бул тууралуу Жанар Акаев соцтармактагы баракчасында жазды.

«Чыңгыз Азаматович өтө жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем. Кесиптешибиз Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат беребиз», — деди ал.

27-ноябрга караган түнү депутаттар Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев кыргыз-казак чек арасынан өтмөкчү болгондо «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалганы айтылган. Алардын УКМКга жеткирилгени маалымдалган. Кийинчерээк Жамгырчиевдин бошотулганы маалымдалган. Ал эми бүгүн, 28-ноябрда УКМК анын кармалганын жана суракка алынганын четке какты.