Абировдун мандатын тапшырышы. Ленин райондук округунда кайра шайлоо болот

Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганына байланыштуу Ленин райондук шайлоо округу боюнча кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Жылкыбаевдин айтымында, бир аздан соң Абировдун мандат тапшыруу үчүн берген арызы каралат. Анын мандатын алуу үчүн чыгарылган токтомго кол коюлгандан кийин 2 айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырып бергени жатканын айткан.