Жапаров: «Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 миллиард сом багытталат»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрдү. Ал 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарууда 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 919 миллиард сомдон ашуун болгондугун билдирди.

«2 жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50 пайызга өстү. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 438,1 миллиард сомду түздү. Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 миллиард 600 миллион сомго, же 177 пайызга өстү. Келерки жылы аны 503 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Өсүү темпин кармап туруу үчүн биз түз инвестицияны жана таза экспорттун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Бул эки милдетке өзгөчө маани берилет. Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 миллиард сом багытталат. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлор», — деди Акылбек Жапаров.