Жапаров менен Ташиев УКМКнын Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты (видео)

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Чек арачылардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын дагы бир жолу белгиледи.

«Мына ошондуктан Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Биз чек арачыларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө бардык чараларды көрүүгө жооптуубуз”, — деди президент.

Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатып алынганын эске салды. Базанын ачылышы тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров чек араларды кайтарууда Куралдуу Күчтөрүнүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүкчөлөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерди аткарарын белгиледи. «Мен ар дайым айтып келем – Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын баса белгилеп кетейин», — деп билдирди ал.

«Байрактар» учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу.