Жапаров Суваналиев тууралуу: «Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Ишке келгенде нөл болушат»

Садыр Жапаровдун «Кабар» сайтына берген кезектеги маеги жарыяланды. Анда ал 7-октябрда «Азаттыкка» маек берип, эки жыл мурдагы окуяларды айтып берген Өмүрбек Суваналиевге да токтолду.

«Айрым саясатчылар бар. Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Сүйлөсө асмандан сүйлөшөт. Бирок ишке келгенде ноль болушат. Мисалы былтыр Өмүрбек Суваналиевди Баткенге жибердим. «Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз» деп. Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым», — дейт Садыр Жапаров.