Эл президентке кантип кайрылууну билбей жатабы? Министрлер кабинети үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «жарандар өлкө президентине кантип кайрылууну билишпейт» деген билдирүүсү боюнча Министрлер кабинети үн катты.

Маалыматка караганда, 2021-жылы президенттин жана президенттин администрациясынын дарегине жарандардан 22 миң 546 кайрылуу келип түшкөн.

«2022-жылдын 4-мартына карата президентке, президенттин администрациясына 3 миң 460 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде президенттин Коомдук кабылдамасы аркылуу жарандардан 1025 кайрылуу түшсө, ал эми электрондук түрдө 642 кайрылуу келип түшкөн. Белгилей кетсек, электрондук кайрылуулар мамлекет башчынын www.president.kg расмий сайты (http://www.president.kg/ru/obrascheniya_grazhdan) аркылуу кабыл алынат. Жарандардын мамлекеттик органдарга электрондук кайрылуу порталы www.kattar.kg аркылуу ар бир жаран өзүнүн электрондук кайрылуусун тиешелүү түзүмдөргө жөнөтө алат. Мамлекет башчынын жеке тапшырмасына ылайык, 2022-жылдын 27-январынан тартып «Биринчи радионун» эфиринде жума сайын (ар бейшемби күнү саат 08.30дан 09.30га чейин) «Биринчи кабылдама» берүүсү уктурулууда, анда жарандар президентке онлайн режиминде кайрыла алышат», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү президенттик администрациянын имаратынын жанына митинг, нааразычылык акцияларына чыккандар менен иш алып барууда. Жыл башынан бери ар кандай мүнөздөгү 88 митинг жана пикеттер катталып, президенттин администрациясынын кызматкерлери алардын катышуучулары менен анда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында жолугушкан.