Жарандарды тыңшоо. Документ үч окууда кабыл алынды

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңеште улуттук коопсуздук боюнча мыйзамдардын пакети үч окууда кабыл алынды.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мыйзам долбоорунда кооптуу учурлар көп экенин белгилеген. Анын айтымында, демилгечи болгон УКМК прокуратуранын уруксаты жок эле угуп, байкоо жүргүзүүнү көздөп жатат. Ошондой эле депутат Дастан Бекешев да бул мыйзамга каршы экенин билдирген.