«Жээнбеков Кара-Кулжага барып кой кайтарсын!» Депутат экс-президенттерге берилген мамлекеттик күзөттү алып салуу керектигин айтты (видео)

15-июнь күнү Жогорку Кеңеште өткөн жыйында депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага кайсы эмгеги үчүн мамлекеттик күзөт берилип жатканын айтты.

«Европа мамлекеттеринде жетекчилер велосипед менен жумушка барат. Биздин чиновниктерге кайсы эмгеги үчүн мамлекеттик күзөт берилет? Мамлекеттин акчасын оңго-солго чачпай троллейбуста эле жүрө беришсин. Сооронбай Шариповичти кайсы эмгеги үчүн кайтарып жатат. Ал Кара-Кулжага барып кой кайтарбайбы? Роза Исаковнаны эмнеге кайтарат? Мамлекетке акча издеп, бюджет толбой, карызга батып жатсак. Кереги жок аларды кайтаруунун», — деди депутат.