Жеңиштин 78 жылдыгы: Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттуктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду жана Кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата менин жылуу куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Бул күнү биз ата-бабаларыбыздын улуу эрдигин, патриоттуулугун жана баатырдыгын даңазалайбыз, согуш талаасында жана оорукта көптөн күткөн Жеңиш күнүн теңдешсиз эрдиги жана кайраттуулугу менен жакындаткандардын элесин терең ыраазычылык менен баалайбыз.

Убакыт сыноосунан өткөн тажик-кыргыз достук жана көп кырдуу кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин жана өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине – бейпил асман, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалаган.