Жогорку Кеңештин 5 депутаты тергелип жатат. Бул тууралууу парламенттин жыйынында башкы прокурору
Курманкул Зулушев билдирди. Анын айтымында, эл өкүлдөрүнө каршы материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жогорку Кеңештин эки депутатына кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү тапшырылган.
«Азыр эки депутат үй камагында. Үчөөнүн үстүнөн териштирүү иштери жүрүп жатат. Тергөө органдары прокуратуранын билдирүүсүсүз сотко чейинки өндүрүштү баштай алышат. Мага чейин канча кылмыш иши ачылганынан кабарым жок», — деди Курманкул Зулушев.