5 депутат камактагы 19 жаштагы блогер боюнча президентке кайрылышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Сеид Атамбаев, Эльвира Сурабалдиева, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев боюнча президент Садыр Жапаровго  кайрылышты.

Алар Ырыс Жекшеналиевди үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов «Чоңдор да ката кетиришет, жаш жигитти ошол жерде кармоо уят. Кысым токтошу керек» деген.