Жогорку Кеңештин комитети Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырды

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети акыйкатчы кызматына БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырды.

Комитеттин чечими 24-февралдагы пленардык жыйындын кароосуна жөнөтүлдү. Аны төрт фракция – “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ынтымак” көрсөткөн.