Жогорку Кеңештин комитети Кемпир-Абад боюнча маселени кайра карабайт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча келишимди кайра карабайт. Бул тууралуу журналисттерге комитеттин жетекчиси Улан Примов билдирди.

«Жыйынга 14 депутаттын 11и катышты, үчөө жүйөлүү себептер менен келбей калды. Чечим кабыл алынганда жети депутат «макул» деп добуш берсе, төртөө чыгып кеткен. Кворум боюнча маселе жок. Регламент боюнча чечимди катышуучулардын көпчүлүгү кабыл алат”, — дейт эл өкүлү.

Буга чейин Жогорку Кеңештин комитети Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча келишимди жактырган.