Жогорку Кеңештин комитети Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча долбоорду жабык эшик артында карайт

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча долбоорду жабык эшик артында кароо сунушу түштү.

Депутат Адахан Мадумаров бул маселени жабык эшик артында кароого негиз жок экенин айтса, Нуржигит Кадырбеков бул маселени 5 жылга мораторий кылып, ойлонуу керектигин билдирди. Бирок комитет төрагасы Улан Примов сунушту добушка коюп, сунуш өттү. Комитет жыйынды жабык эшик артында улантууда.