Жогорку Кеңештин төрагасы Аксы районундагы суу каналдарынын курулушу менен таанышты

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алсак, аталган суу каналы Падыша-Ата дарыясынан башталып Бешбатман каналы аркылуу Иринжит өрөөнүнө чейин өтөт. Каналдын узундугу 7 чакырымды түзүп, сыйымдуулугу 8,3 метр куб/секундга барабар. Бирок курулуш иштери жай жүрүп жатканын белгилеген төрага: “Ак-Терек каналы аймак үчүн өтө маанилүү. Андыктан, айыл чарбасынын өнүгүшүнө өбөлгө болчу бул долбоорду тез арада бүткөрүү керек”, – деди.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө 200 гектар жерди суу менен камсыздаган Барпы каналынын курулушу тууралуу да сөз болду. Өз кезегинде төрага аталган каналды аягына чыгаруу үчүн Кош-Дөбө айылында 2004-жылдан бери колдонулбай жаткан суу түтүктөрүн пайдаланууга чакырды. “Бул боюнча жергиликтүү бийлик Министрлер кабинети менен тийиштүү иштерди алып барып, керектүү чечимдерди чыгартышы кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Аксы райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун ишмердүүлүгүнөн кабар алды. Алсак, аталган борбордун имараты 1960-жылы курулуп, анын ичинен санитардык-бактериологиялык лабораториясы фин тибинде салынган. Ал эми санитардык-гигиеналык лабораториясы таштан курулгандык имаратта жайгашкандыктан кышкысын жакшы жылыбайт. Мекемедеги медициналык кызматкерлер менен баарлашкан төрага: “Эскилиги жеткен, шарты начар имаратта, эл кызматы үчүн эмгектенип жатканыңарга ыраазычылык билдирем. Албетте, калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн дарылоо мекемелерин жаңыртып, андагы шартты жакшыртышыбыз зарыл”, – деди.

Муну менен катар кадр жетишсиздиги тууралуу айтылган маселеге токтолгон төрага борборго баргандан кийин тиешелүү министрликтер менен жаңы окууну бүткөн жаш адистерди аймактарга тартууга багытталган атайын программа иштеп чыгуу боюнча сүйлөшөрүн билдирди.