Жогорку Кеңештин төрагасы: «Депутаттар Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда»

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүүсүн парламенттин маалымат кызматынан таратышты.

«Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда. Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин туруктуулугун сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт. Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин  туруктуулугу жана тынчтыгы баардыгынан бийик турат. Бул оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыктан абайлайлы», — деп жазылат спикердин билдирүүсүндө.