Журналист Эрулан Кокулов: «Мен 5-октябрда аянтка революция кылуу үчүн барган эмесмин»

Мен 5-октябрда аянтка революция кылуу үчүн барган эмесмин. Бул тууралуу журналист Эрулан Кокулов СуперТВ телеканалынын Октябрь окуясына байланышкан берүүдө билдирди.

«Мен ошондой эле ар кандай башаламандык кылуу үчүн да барган эмесмин. Мен өзүмдүн укугумду коргогонго баргам. Талапкер жана шайлоочу катары. Митингде мен эл менен экенимди айткам. Бул биз мактана турчу нерсе эмес. Биз кылып койдук дей турган нерсе эмес. Албетте, мен Кыргыз уулу болгондон кийин ал жерден кетип калууга болбойт болчу», — деди ал.