Жусупбек Коргонбай уулунан өзгөчө демилге. Ал аткаминерлердин чет өлкөдө дарылануусуна тыюу салууну сунуштады

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу кезектеги өзгөчө демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, өлкөдөгү ооруканалардын абалын оңдоо үчүн чоңдорду чет өлкөгө дарыланууга жибербөө керек.

«Мамлекеттик чиновниктер, депутаттардын ден соолугу начарласа тышка чыгууга тыюу салыш керек. Ошондо саламаттыкты сактоо тармагы оңолот окшойт», — деди ал.