Жылдызкан Жолдошованын Элдик курултайда сүйлөгөн сөзү уу-дуу жаратты

«Садыр Нуркожоевич, бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болсо дагы, президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат экен». Бул тууралуу Элдик курултайда экс-депутат Жылдызкан Жолдошова билдирди.

Ушул учурда зал уу-дуу болду. Курултайдын төрагасы залды тынчтыкка чакырды.

«Биз парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл. Курултайда ар бири өз оюн айтууга укугу бар. Мен билем. Кээ бирлер облустун, бийликтин, балким, өзүнүн чечими менен ошол жактан келгенсиздер. Мени угуп турсаңыздар. Ушуга кайрылып келишибиз керек. Анткени Садыр Нуркожоевич сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү каякка алып барат, бул биринчи маселе. Экинчиси кен байлыктар боюнча, менин билишим боюнча 33 ишкана 300 сомдон сатып алып, азыр кен байлыктар сатылып жатат. Улуттун ден соолугуна көңүл бурушубуз керек. Энергетика, суу боюнча. Мен ачык айтайын, Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунда чек араны чечебиз дегенден кийин жерлерибиз тарып кетти. Канчалаган жерлер кетип жатат. Бул маселеде катуу тургула. Камбар-Ата 1ди кайсы өлкө менен салам десеңер да бизди эгемендиктен ажыратып коесуңар. Акылбек Жапаров сиз билесиз да, сиз канча президент менен иштеп, кетиргенсиз. Биздин алтындан да кымбат суубуз жана энергетика. Коррупция менен күрөшөбүз деп жатасыңар. 20 миллиондон ашык зыян келтирген министр болуп отурат. Кышта кыйналабыз. Коррупция менен күрөшөм десеңер, депутаттарды коркутпай, өз командаңардан баштагыла. Аларга «крыша» болбоңуз», — деди ал.