Кайсы министрликтер «беш», кайсы министрликтер «эки» алды? Жапаровдун койгон баасы

Бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча “мыкты”, “жакшы”, “үч” жана “эки” деген баалар менен аныкталганын айтты. “Министрлер кабинетинин 2022-жылга карата иш-аракеттер Планында 650 иш-чара каралган”, — деди Акылбек Жапаров.

— “мыкты” деген баа менен – 10 мамлекеттик орган;

— “жакшы” деген баа менен – 19;

— «канааттандырарлык» баасын – 3;

— 1 мамлекеттик органга “канааттандырарлык эмес” деген баа берилген.

Тизмедеги мамлекеттик органдар “эң жакшы” деген баа алышты:

— Мамлекеттик салык кызматы;

— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Ички иштер министрлиги;

— Коргоо министрлиги;

— Тышкы иштер министрлиги;

— Юстиция министрлиги;

— Улуттук статистика комитети;

— Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.