«Калп маалымат таратылды». Диплому жасалма делген депутат Алимжанов үн катты

Диплому жасалма делген депутат Фарходбек Алимжанов үн катты. Ал диплому жасалма деп таратылган маалыматты калп деп, жогорку билимди кайсы жактан алганын жана керектүү документтерди кошо жарыялады.

Кечээ, 8-апрелде УКМК БШКга Жогорку Кеңештин 2 депутатынын диплому тууралуу маалымат берген.