«Ташиев колдоду». Элмурза Сатыбалдиев 14 депутаттын “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан бөлүнгөн себебин айтты

Камчыбек Ташиев бир мандаттуу депутаттарды “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан бөлүү демилгесин жактырды. Бул тууралуу журналисттерге депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы жыйын өткөргөн. Дал ошол жерден бир мандаттуу депутаттарды фракциянын бөлүү демилгеси көтөрүлгөн. «Ич ара талаш-тартыш болгон жок. Фракцияда 33 депутат көп болуп кетет экен деп, бөлүнүп иштеп көрөлү дедик. Жыйында биз ушуну сунуштадык, Камчыбек Ташиев туура тапты. Камчыбек Кыдыршаевич өзү түптөгөн партиясынын — фракциясынын жыйынына келип катышты. Биздин сунушка каршы чыккан жок, тескерисинче, колдоп койду. «Мекенчил» депутаттык тобунун президент Садыр Жапаровдун «Мекенчил» партиясына тиешеси жок. «Биз «Патриот» деп атайлы дегенбиз. Анан бир-эки депутат ал орусча сөз, кыргызчага которуп «Мекенчил» деп аташ керектигин талап кылды. Ал партия, биз депутаттык топ түздүк», — деди Элмурза Сатыбалдиев.