Камчыбек Ташиев: «Мага кызматтан убактылуу четтегенге болбойт»

Саясат талдоочу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, маалымат берген.

Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, комиссия иш алып барып жатканда кызматтан убактылуу четтебей турганын билдирди. «Мен жоопкерчиликтүү кызматта турам, кызматтан убактылуу четтегенге болбойт», — деди Ташиев.

Ал ошондой эле «өзүңүз моралдык жоопкерчиликти сезип жатасызбы?» деген суроого моралдык жоопкерчиликти ар бир адам үчүн сезерин айтып, жоопкерчиликти сезгенге милдеттүү экенин айтты.