Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен болгон чек ара маселелерин сүйлөшүү үчүн Баткенге барат. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-мартта өткөн маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Тажикстан менен талаштуу жерлер азырынча чечиле элек. Сох, Ворух сыяктуу аймактарды чечүү үчүн мен мына бүгүн Баткенге жөнөп кетем”, — деди ал өз сөзүндө.