Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

«Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.