Канатбек Исаев шайлоого катышуудан баш тартты

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган алты талапкер шайлоого катышуудан баш тарты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Алар: Канатбек Исаев (Чүй-Кемин шайлоо округу №31), Бакыт Кыдыралиев (Талас шайлоо округу №21), Жаманкул Галдыбаев менен Абдисами Каримбеков (Алай шайлоо округу №11), Айбек Алыбаев (Токтогул шайлоо округу №19), Айнуру Алтыбаева (Ош шайлоо округу №7).

Парламенттик шайлоо 28-нобрда өтөт.