«Канча уча, баш, жамбаш тарттык сага, Шариман?!» Сейтек Атамбаев чоң атасынын үйү тууралуу үн катты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев конфискацияланат делген чоң атасынын үйү тууралуу комментарий жазды.

«Шариманга рахмат! 25 жыл ушул үйгө келип конок болуп кетчү эле. Ал кезде Шариман алтын тиштери менен ырсайып «шеп-шеп» деп келип калчу. Канча жолу колуңа суу куйдук, Шариман?! Канча уча, баш, жамбаш тарттык сага, Шариман?! Канча сый көрдүң ушул үйдөн, Шариман?! Канча айттым сага, Шариман, атам экөөңөр чечип алгыла. Бизде, балдарында эмне күнөө, Шариман?! Саткынсың түбөлүккө, Шариман!» — деп жазган Сейтек Атамбаев.

Бирок экс-президент Сооронбай Жээнбековдун чоң атасынын үйүн конфискациялоого кандай байланышы болгонун айткан эмес.