Каныбек Иманалиев кызматка анын талапкерлигин президентке ким сунуштаганын айтты

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында депутат Руслан Жакышов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге сиздин талапкерлигиңизди ким жана эмне себептен сунуштаганын сурады.

«Кыргызстан кичинекей айыл сыяктуу. Кандай болгон күндө да баары билинет. Менин талапкерлигимди сунуштаган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирем. Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров талапкерлигимди колдоп, ишеним көрсөтүштү. Мен бул ишенимди эмгек менен акташым керек», — деди Иманалиев.