Каныбек Осмоналиев: «Кыргыз тилинин душмандары көп экен»

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев социалдык тармактагы баракчасына кыргыз тилинин душмандары көп экенин жазды.

«Кыргыз тилинин душмандары ушунчалык көп экен! Мыйзамды сунуштап жатып эми түшүндүм! Мени жегени калышты», — деген пост калтырды. Андан соң бул боюнча пикирин калтырып койбогон Эл акыны менен Эл жазуучуларга нааразы болду.

«Кыргыз тили деп жандалбас кылып жатсам, бир дагы Эл акыны менен Эл жазуучусу колдоп коюшпады! Аттиң», — деп жазды ал.