Карыбек Дүйшеев Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Дүйшеев Карыбек Арстанбекович 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Дүйшеев буга чейин Конституциялык соттун төрагасы болчу. Ал 1-февралда отставкага кеткен.