Касымбеков: «COVID-19 менен ооруган дарыгерлердин дээрлик 50 пайызы кенемте алышкан эмес»

Кыргызстанда COVID-19 менен ооруган дарыгерлердин дээрлик 50 пайызы кенемте алган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбаев билдирди.

Ал белгилегендей, дарыгерлер кызыл зонада иштеп жүрүп ооруп калганына карабай, компенсация төлөп берүүдөн баш тартуу боюнча арыздар түшүүдө. «Пандемия башталгандан бери 6497 дарыгер ооруп, анын 3600ү компенсация алган. Албагандардын арасында же ПЦР-анализи таза чыккан же кызыл зонада иштөөгө буйрук жоктор бар. Мен дагы бардыгына айлык төлөш керек деп ойлойм, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөр жок”, — дейт Жаркынбек Касымбеков.

Министрдин орун басары Улан Садыковдун айтымында, 2020-жылы төлөнүүчү компенсациянын көлөмү 1 миллиард 353 миллион сом, 2021-жылы 1 миллиард 351 миллион сом, 2022-жылы 117 миллион сом болгон.