Казакпаевдин жана Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле «Айыл банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салуу фактысы боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымдашты.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле «Айыл банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтарап изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү. Комиссия окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет.