Казакстандын президенти 6 күндөн кийин Кыргызстанга келет

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

«Алдыдагы визит алкагында Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат», — деп айтылат маалыматта.