Казынаны казиносуз толтурса болбойбу? Акылбек Жапаровдун жообу

Жогорку Кеңеште казинонун ишине уруксат берүү каралып жатат. Ал кызуу талкуу, кайым айтышуу, каткырык менен коштолууда.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго «казынаны казиносуз эле толтурса болбойбу?» деген суроо узатты.

«Бизде кошуналардан бир гана алдыга кетүүчү нерсе бар — ал туризм. Туризм көп тармактуу болуп, анын ичинде оюндар да болушу керек экен. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында Беларуста, Орусияда, Казакстанда, Арменияда да иштейт экен. Биз туризм боюнча программа иштеп чыкканбыз. Мисалы, Грузияда 2020-жылы 70 миллион доллар түшкөн экен. Биз бөлөк жактан таап жатабыз. Кумтөрдү алдык эле, бажыдан 4,5 миллиардыбыз токтоп калды. Кумтөр менен казынаны жаап жатабыз. Салыктан башка да кирешебиз болушу керек да», — деди Жапаров.