Келдибеков: «Ташиев америкалыктарга ыктап жатат» деген сөздүн өзү жөн гана каралоо»

«Камчыбек Ташиев америкалыктарга ыктап жатат» деген сөздүн өзү жөн гана каралоо». Бул тууралуу пикирин экс-депутат, парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков соцтармактагы баракчасында жарыялады. Анын мындай билдирүүнү жазууга журналисттердин суроо менен кайрылуусу себеп болгону айтылат.

«Биз Советтер союзунун таалим-тарбиясында чоңойдук. Орто билимди Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектеп-интернатынан алдык. Жогорку окуу жайын Камчыбек Ташиев Томск шаарынан, мен Воронежден бүттүм. Бул шаарларда биздин жаштыгыбыз калган, келечекке болгон максаттарыбыздын пайдубалы салынган. Студенттик курактагы группалаш, достор менен бир туугандай болуп каласың. Канча жылдан бери үзөңгүлөш жүрөбүз. Ал балдарын Америка, Европадан эмес, Томсктон окутканын, ал жактагы достору, группалаштары менен тыгыз катташып турарын жакшы билем. Ошондуктан Камчыбек Ташиев америкалыктарга ыктап жатат деген сөздүн өзү жөн гана каралоо деп ойлойм. Анткени биз депутат кезибизде Москва, Санкт-Петербург өңдүү канча деген шаарларга бардык, биздин келечектеги бир гана стратегиялык эмес, тарыхый коңшу, союздаштарыбыз Орусия, Казакстан, Өзбекстан деген принципте жүргөнбүз. Ал эми Камчыбек Ташиев бир принциптүү жигит. Ошондуктан мунун баары максаттуу түрдө каралоо десем жаңылышпайм», — деп жазылат билдирүүдө.