Келдибеков: «Ташиев менен байланыштым. Азыр Баткенге аскерлерден башканын кирүүсүнө уруксат жок деди»

«Ташиев менен байланыштым. Азыр Баткенге аскерлерден башканын кирүүсүнө уруксат жок деди». Бул тууралуу экс-депутат Ахматбек Келдибеков соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бир күндүн ичинде 469 адам байланышка чыкты. Бар болгула кыргыздын шумкарлары! Силер барда кыргыз эч качан жеңилбейт!

Мен түнү Камчыбек Ташиев менен байланыштым. «Азыр жай тургундарды тынч жайларга жөнөтүп жатабыз. Абал азыр көзөмөлдө. Эгерде тажик тарап кайра согушту баштаса, анда ошондо акылдашалы. Азыр Баткенге аскер кызматкерлеринен башка жөнөкөй жарандардын кирүүсүнө уруксат жок» деди.

Бизде ар бириңиздердин байланыш номерлериңиздер бар. Эгер кырдаал күчөп кетсе сиздер менен байланышабыз. Ар бир кадамыбызды ойлонуп таштайлы, анткени, биздин ойлонулбаган кадамдарыбыз өлкөбүздүн тынчтыгына кедергисин тийгизип койбосун», — деп жазылат билдирүүдө.

Саясатчы кечээ, 16-сентябрда соцтармактагы баракчасы аркылуу номерин жарыялап, мекенге чеп, элибизге дем болом дегендерди байланышууга чакырган.