«Келишпестик жок». Камчыбек Ташиев УКМКнын тергөөчүсүнүн кармалышы тууралуу үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 20-январда Ошто УКМКнын тергөөчүсүнүн кармалышы тууралуу «Кабар» сайтына комментарий берди.

Анын айтымында, кармоо боюнча атайын операция Башкы прокуратура, ИИМ жана атайын кызмат менен биргеликте пландалып даярдалган.

«Мага бул маалымат түшкөн. Жарандан келип түшкөн арызды менин колума өткөрүшкөн, анда УКМКнын тергөөчүлөрүнүн бири андан ири суммадагы акча талап кылып жатканы айтылган. Реакция кылуу үчүн Башкы прокуратурага арызды өткөрдүк. Кийин Башкы прокуратура жана ИИМ менен жыйын өткөрүп, андан соң пара талап кылган адам кармалды», — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасынын айтымында, айрым аткаминерлер жана ЖМКлар жогорудагы окуя боюнча калп маалымат таратышкан жана алар жоопкерчиликке тартылышы шарт.

«Министрлердин деңгээлиндеги айрым аткаминерлердин бизде пикир келишпестик бардыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү башташканы боюнча маалымат бар. Пикир келишпестик жок жана ал болбойт. Бардык операция президенттин тыкыр көзөмөлү менен жүргүзүлөт. Бардык мамлекеттик органдар президеттин жана мамлекеттик органдардын чечимдерин колдошу керек. Бардык мамлекеттик органдар жана кызматкерлер маалыматты берүүдө көзөмөлдө болушат, кылдат болуңуздар. Журналисттерге туура эмес маалымат бербеңиздер жана элди козутпаңыздар. Расмий билдирүү чыкканга чейин күтүңүздөр», — деди ал.