Акылбек Жапаров мугалимдердин айлыгы тууралуу: «Кыздар «мугалимге турмушка чыгам» демейин токтобойбуз»

Бүгүн, 13-октябрь Жогорку Кеңештин жыйынында президент сунуш кылган Министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Анда депутат Абдывахап Нурбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаровго кымбатчылык болуп жатканын айтып, «мугалимдердин айлыгы 2022-жылы көтөрүлөбү же жокпу?» деп суроо салды.

«Өзүңүздөр билесиздер, Баткенде каргашалуу окуя болуп кеткенден кийин укук коргоо органдарынын айлыгын көтөрдүк. Эмдиги жылы биринчи мугалим менен дарыгерлерден, маданият жана билим берүүдөн баштайбыз. Көтөрөбүз деп айта алам. Эң чоң милдеттин бири — айлыгын эки эсе көтөрүү. Салыктын эсебинен гана айлык жогорулайт. Биз «кимге турмушка чыгасың дегенде «мугалимге» демейин токтобойбуз», — деди ал.