Клара Сооронкулова: «Кечээги окуя мамлекетке чоң доо кетирди»

«Шайлоонун жыйынтыгын баарыңар эле көрүп турасыңар. Ушуга чейин админресурс колдонулбайт деген аракеттин баары кечеги болгон шылуундук менен жуулуп кетти. Азыр шек жаралып калды». Бул тууралуу «Ата-Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Клара Сооронкулова БШКнын алдында билдирди.

«Тарыхый маанидеги окуялар болуп жатат. Бизде өзү көйгөй, шайлоого болгон шайлоочунун ишеними, мамлекетке болгон ишеними өзү проблема да. Ошону жогорулатып, өнүктүрө албай жатабыз. Кечээги окуядан кийин болду, шайлоочунун 1 пайызы да шайлоого ишенбейт. Бул мамлекетке чоң доо кетирген окуя болуп калды», — деди ал.