Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер менен жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди бекемдөө, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашты. Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа биримдигинде жана эл аралык саясатта маанилүү роль ойногон Германия мамлекети менен бардык багыттарда тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп: «Парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү фактору болуп эсептелет. Бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», – деди.

Муну менен катар Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинен соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу учкай кеп кылып, жаңы чакырылышта айым депутаттардын саны 30%дан ашканын айтты. Төрага өлкөбүздө мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган системалуу реформалар ишке ашырылып жатканын белгиледи.

«Биз инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Тагыраагы, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп, салык системасы модернизацияланууда. Ошону менен бирге санариптик кызматтар киргизилүүдө. Натыйжада көмүскө экономиканын үлүшү ырааттуу түрдө азайып, инвестициялык активдүүлүк байкалууда», — деген Марлен Маматалиев Кыргызстан германиялык ишкерлерге ар дайым ачык экенин айтып, инвесторлор үчүн бардык керектүү шарттар камсыздалганын кошумчалады.

Ошондой эле эки өлкөнүн алакасын бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин айтып: «Парламенттик байланыштар өкмөттөр аралык өз ара аракеттенүүнү толуктап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишенимди бекемдөөгө көмөктөшөт. Андыктан депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин деңгээлинде да кызматташып, ушундай жолугушууларды байма-бай өткөрүүбүз кажет», – деген төрага кесиптеши Юлия Клёкнерди Бишкекке расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Муну менен бирге кыргызстандыктарды Бундестаг тарабынан берилүүчү парламенттик стипендияга кошуу сунушун берип, бул Германиянын мыйзам чыгаруу жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалады.  Айрыкча Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда жетишилген Кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндөгү келишимди, ошондой эле эки өлкө ортосундагы эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана дипломатиялык паспорт ээлерине виза шарттарын жеңилдетүүгө тиешелүү макулдашууларды Бундестагдан тездетип ратификациялап берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Германиянын Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер да Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган делегациянын сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга чоң түрткү берерин билдирип, алакаларды арттыруу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү. Тагыраагы, парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү керектигин айткан Юлия Клёкнер Германия мамлекети Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын билдирди.  Андан сырткары, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү учур талабы экени белгиленип, мында Ишкерлер кеңешинин жана бизнес-форумдардын таасири чоң экени айтылды.

Алсак, биргелешкен Ишкерлер кеңешинин соңку бешинчи жыйыны өткөн жылы Берлин шаарында өткөн. Жолугушуудан соң Жогорку Кеңештин делегациясы Бундестагдын имараты менен таанышып, жыйындар өтчү залын көрүп чыкты.

Төрага Марлен Маматалиев баштаган делегациянын курамында депутаттар Советбек Рустамбек уулу, Камила Талиева, Азамат Исираилов, Таалайбек Сарыбашов, Илимбек Кубанычбеков, Эдита Тайгараева, Дастан Бекешев жана Эрулан Кокулов бар.