«Көйгөйдүн көбү депутатка белгилүү». Шакиев комитет башчылары менен жолугушту

Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту. Анда мыйзамдарды кабыл алуу жаатындагы бир катар маселелер талкууланып, анын ичинен тармактык комитеттердин иши боюнча сөз болду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Нурланбек Шакиев депутаттардын негизги иш милдеттеринин катарында мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү да бар экенин белгилеп: “Мыйзам долбоорлорун демилгелеп, жазууга депутаттар да жигердүү катышуубуз шарт. Эл өкүлү катары эл менен тыгыз иштешкендиктен, көйгөйдүн көпчүлүгү бизге белгилүү. Муну менен катар кабыл алынган мыйзамдар бир топтун эмес, бүткүл Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл буруубуз зарыл”, – деди.

Ошондой эле Министрлер кабинети ар бир маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизерде бардык тиешелүү документтерди алдын ала камсыздашы керектигин айткан Нурланбек Шакиев бул жаатта кемчиликтер бар экенин кошумчалады. Мындан тышкары жолугушууда айрым мыйзам долбоорлорунун тегерегинде сунуш-пикирлер айтылды.