Кожошев Казакстанда жүк өткөрүү көйгөйүн дагы көтөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Нур-Султан шаарына  иш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев ар тараптуу өз ара кызматташуунун кеңири чөйрөсүнө токтолуп, айыл чарба жана азык-түлүк товарларын үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо боюнча ыкчам чараларды кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи. «Чек аралардагы ар кыл тоскоолдуктарды жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Биз кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштырууну жана товарларыбыздын жана кызматтарыбыздын эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну жактайбыз», — деди Кожошев.

Ал эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча макулдашылган иш-аракеттерди кабыл алууга өзгөчө көңүл бурду. «Жумушка кабыл алууда жана эмгек келишимдерин бузууда, ошондой эле социалдык жана медициналык жактан камсыз кылууда эмгек мигранттарына барган өлкөнүн калкы менен бирдей укуктарды берүү маселелери каралуусу тийиш», — деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.