Депутаттык комиссия эл өкүлү Бакыт Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечим чыгара алган жок. Бул тууралуу жыйында анын төрагасы Канатбек Исаев билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын жыйынына Бакыт Жетигеновдун жактоочулары келген эмес. «Кечээ жолугушуубуз болгон. Ал жерде Бакыт Жетигеновдун адвокаттары жана өкүлдөрү болгон эмес. Биз дагы чогулуп, бул маселени карайбыз», — деди ал.
Бүгүн парламент эки депутат – Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу маселеси боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карап жатат.