«Колум сынса сынсын, оюм сынбасын». Депутат Мирлан Самыйкожо бийликти сындады

«Биз жоопкерчиликтүү бололу. Жашырып-жаап жараны таңып, айыктыра албайбыз». Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо чек арадагы кол салуу боюнча фракция убактысынан сүйлөп жатып билдирди.

«Менин оюмча эч ким, эч качан бирөөнүн этегине намаз окубашы керек. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат. Бизге эл жабык эшик артында жарманке кылсын деп добуш берген эмес. Оюбуз ачык айтылып, үнүбүз түз жетсин деп добуш берген. Ооба, мамлекеттик купуяны сактай алабыз, ачыктаган жерибиз жок. Бирок кечээги окуяларды кантип жашырабыз? Эл баарын билет.

Айтып коёюн, парламент өз милдетин аткарып, аскердик акыбалды чыңдоо боюнча оңой эмес суммадагы акча каражатын бөлдүрүп бергенбиз. Кана ошонун жыйынтыгы? Чаржайыт иш алып барган чалгындоо ишинин чабалдыгына ким жооп берет? Же эмне биздин өлкөдө төшөк чалгын, кустур чалгын, аткезчилик чалгын эле иштеп калдыбы? Мамлекеттин коопсуздугун өз өмүрүбүздөн артык көрүшүбүз керек болчу. Эл билгенди эч ким жашыра албайт. Эки ирет Баткенге барып келди. Экинчи жолу барууга өзүңөр мажбурладыңар. Кандай мажбурлаганыңар купуя бойдон калаттыр.

Садыр Жапаров, парламент сиз дайындаган мамлекеттик кызматкерлерге баш ийип, алардын ар кандай тескөөлөрүнө кабылбашы керек. Парламентти шайлаган эл, сизди да шайлаган. Муну эч ким эсинен чыгарбаш керек. Керек болсо, өзүңүз парламетке келип, жогорку суроолорго жооп алып беришиңиз керек деп эсептейм. Эл ушуну күтүп жатат. Болбосо, эл үчүн жасап жаткан ишиңиз кумга сиңген суудай кургайт. Кышка даярдыгыбыз жок, баа кымбат. Эл эртең шыйрагын жагып калбаса болду. Орусия газды тартып койсо эмне кылабыз? Колум сынса сынсын, оюм сынбасын деп иштейли», — деди ал.