Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинде ыкчам кеңешме өттү

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-июнда, Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кезектеги ыкчам кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жоголгон жарандын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.