«Көп сүйлөп жатат деппи?». Мадумаров Башкы прокуратура эмне маселе боюнча кылмыш жоопкерчиликке тартарын сурады

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш бергени маалым болду. 

Мадумаров жыйында сөз сүйлөп, эмне маселе боюнча экен билсе болот бекенин сурады. «Мага да чагылгандай болуп, жаңылык болуп жатат. Мындай бир айтып койсоңор. Эмне маселе? Кыргыз абасынан жутуп атат деген маселеси бар бекен? Суусун ичип коюп жатат, же көп сүйлөп жатат дегенби?» — деди депутат.