Коргоо министри: «Кыргызстандан Казакстанга «Скорпион» жөнөтүлөт»

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеште Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү маселеси каралып, ал добуш берүүдө колдоо тапты.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун айтымында, кыргыз аскерлери Казакстанга бүгүн жөнөтүп кетиши мүмкүн. «Ал жакка атайын даярдыктагы «Скорпион» бөлүгү барат. Арасында бир да катардагы жоокер жок, бир гана офицерлер, прапорщиктер жана келишим негизиндеги аскер кызматкерлери болот. Алар даярдыктан өткөн. Президенттин буйругунан кийин дароо эки борт менен жөнөтөбүз. Биринчисинде жеке курам, экинчисинде аскердик техника болот», — деди министр.

Бактыбек Бекболотов Казакстанда аскердик техникага зыян келтирилсе, анда анын ордун Кыргызстанга ЖККУ кайтарып берерин айтты.