«Кумтөрдүн» алтын чуусу боюнча түзүлгөн комиссиянын депутаттары кенге барышат

«Кумтөрдүн» алтын чуусу боюнча түзүлгөн комиссиянын депутаттары кенге барышат. Бул тууралуу «Кыргыз алтын» ишканасынын сайтында жазылат.

“Кыргыз алтын” ААК Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын президенти Алмаз Барыктабасов менен жолугушуп, жалпы алтын өндүрүлүшү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөндүгүн жана депутаттык комиссияга ар тараптан көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Аталган депутаттык комиссия тарабынан суралган бардык маалыматтар ачык-айкын, убагында эч кандай тоскоолдуксуз берилиши керек. Ушуга байланыштуу депутаттык комиссиянын “Кумтөр” алтын кенине баруусун уюштуруу иштери да сүйлөшүлдү.

«Кыргызалтын» ААК өз ишин ачык-айкын жүргүзүп жатканын жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАК Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан тартып ишмердүүлүгүн текшерүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев «Кумтөр» алтынынын Кыргызстандан чыгарылып кетишинин мүмкүндүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Анын курамына жалпы 13 депутат кирген.