Бакиевден маек алган журналист Курултайдын төрагалыгынан кетиши керекпи? Орунбеков жооп берди

«Журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегинин тегерегинде бир топ талкуулар жүрүп жатат. Анын ичинде Кошалиевди Элдик Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабын койгондор да бар». Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жазды.

«Элдик Курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен элдик Курултайдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Демек, Элдик Курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик Курултайда, делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат. Андыктан Элдик Курултайдын төрагасы ар бир кезектеги Курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз.

Анын журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү деп эсептейбиз. Ошондой эле, даярдаган маеги мамлекеттик маалымат каражаттарынан чагылдырылбаганын баса белгилейбиз«, — деп жазды ал.

Буга чейин журналист Кадыр Кошалиев менен Курманбек Бакиев маектешкен видео жарыяланган. Ал эми УТРК Кадыр Кошалиевдин качкын президент Бакиевден алган чуулгандуу интервьюсу тууралуу расмий билдирүү таратып, улуттук телеканал Курманбек Бакиев менен маек Кошалиевдин жеке демилгеси экенин, УТРКнын ага тиешеси жоктугун айткан. Депутат Эльвира Сурабалдиева «качкын президенттен маек алган Кадыр Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок» деп айтып чыккан.