Кыргыз жана Тажик тышкы иштер министрлери жолугушту. Эмне тууралуу сүйлөштү?

Кечээ, 22-мартта Исламабадда өткөн Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин өнүгүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле министрлер жакынкы келечекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашышты. Эки тараптуу мамилелерди активдештирүү максатында тараптар жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн да белгилешти.